Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасындагы 4 чек ара посту убактылуу алынган
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасындагы 4 чек ара посту убактылуу алынган

Кыргыз-тажик чек арасындагы 4 чек ара посту убактылуу алынды. Тараптардын мындай кадамы чыр-чатактардын алдын алуу максатында жасалган. Тагыраагы №42 протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин гана күчүндө болот. Азыр алынган посттордун аймагында эки өлкөнүн көчмө чек ара отряддары кызмат өтөөдө. 

Ушундай кыйчалыш учурдан пайдаланып, бийлик менен коомчулукту бөлүп-жаргысы келген күчтөр пайда болду. Мындан улам УКМК абалды курчутууга кызыкдар болгон деструктивдүү күчтөрдүн куралы болбоого чакырган.