Түркияда "Манас жумалыгы" жыйынтыкталды. Анын алкагында Рыспай Исаков 5 күн манас айтты. Иш-чарага маданият ишмерлери катышып, көз салып турушту.
Түркиянын Бурса шаарында өткөн Манас жумалыгына 11 манасчы катышты. Бул мамлекет башчысынын жана Түрксой эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашырылды. Рыспай Исаков эң узак убакыт же 123 саат манас айтты.
Манас жумалыгы Түркияда өтө турган 4-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлап уюштурулду. Өнөктөш өлкөдө Кыргызстандын маданияты даңазаланууда.