Жаңылыктар
Чек арада жабыркагандарга медициналык жардам акысыз жүргүзүлөт
Чек ара
Чек арада жабыркагандарга медициналык жардам акысыз жүргүзүлөт

Кыргыз-тажик чек арасында Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен аймактардан эвакуацияланган жарандарга жана аскер кызматкерлерине мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында амбулатордук медициналык жардам көрсөтүү жеңилдетилген шарттарда кошумча төлөмсүз жүргүзүлөт. 

Дары-дармек менен камсыздоого рецепттер Мамлекеттик кепилдиктер программасынын кошумча пакетинин алкагында жеңилдетилген негизде берилет. Саламаттык сактоо уюмдарында баштапкы жана кайталап стационардык дарылоодон өтүүдө Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышуу маалында жабыр тарткан жарандар жыл ичинде кошо төлөмдөрдү төлөөдөн толугу менен бошотулат. 

Психологиялык жардамга муктаж болгон бардык жабыр тарткан жарандар республикалык жана облустук психиатрия борборлорунун адистеринен квалификациялуу жардам ала алышат. 

Мындан тышкары, онлайн консультациялар да берилет. Жабыркаган райондордун саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек жана күйүүчү-майлоочу майлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, башка артыкчылыктуу муктаждыктар үчүн, Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун саламаттыкты сактоо уюмдары толугу менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бекитилген бюджетине ылайык каржыланууда. 

Бул иштер Президенттин "Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында жүргүзүлүүдө.