Жаңылыктар
Акылбек Жапаров тажик тараптын куралдуу кол салуусунан талкаланган объектилерди көрүүдө
Чек ара
Акылбек Жапаров тажик тараптын куралдуу кол салуусунан талкаланган объектилерди көрүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна барды. 

Төрага алгач Лейлек районунда болуп, Интернационал, Максат жана Борбордук айылдарын кыдырып, тажик тараптын куралдуу кол салуусунан талкаланган объектилерди көрүүдө. Аны менен катар жабырлануучулар менен жолугуп, алардын суроо-талаптарын угууда. 

Учурда чек ара чырында жабыркаган аймактарда мамлекеттик комиссия иштеп, зыянды аныктоодо. Алсак Максат айылында 22 үй толугу менен жараксыз абалга келген, дагы 40ка жакын турак жай капиталдык оңдоого муктаж абалга кептелген. 

Аны менен катар мектеп, бала бакча, айыл башчынын кеңсеси, ФАПтар талкаланып, өрттөлгөн. 

Төрага менен жолугушууда Лейлек эли чек араны тактоо ишин тездетүү, чек ара кызматын бекемдөө жана кайра калыбына келтирүү ишин ыкчамдатуу өтүнүчү менен кайрылышты.