Жаңылыктар
Жер көчкүдөн жабыркагандарга жер тилкеси берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жер көчкүдөн жабыркагандарга жер тилкеси берилет

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан  “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндөгү токтомго кол койду. 

Бул документ Кызыл-Туу айыл аймагындагы Алмалуу-Булак айылынын жер көчкүдөн жабыркаган тургундарына жана жер көчкү коркунучу бар башка участоктордун жашаган жашоочуларга жер участокторун берүүгө багытталган. 

Эске салсак, буга чейин аталган айылдын эли турак жай курууга жер бөлүп берүү боюнча өкмөт башчыга кайрылышкан.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118