Жаңылыктар
Акылбек Жапаровдун Баткенге болгон иш сапары уланууда
Чек ара
Акылбек Жапаровдун Баткенге болгон иш сапары уланууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Баткен облусундагы иш сапары уланууда. 

Ал Капчыгай, Ак-Сай айылында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Төрага бузулган үйлөрдүн ордуларын тазалоо жана ал жерлерге жаңыларын курууга даярдык иштери менен таанышты. 

Чек арадагы окуяда жабыркаган айылдарда жаңы үйлөрдү курууда таза суу, септик, инфратүзүм өңдүү шарттарды эске алууга көңүл бурулду. 

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Ак-Сай айылындагы мектептин имаратын көрүп чыгып, билим берүү мекемесинин маселесин чечүүгө байланыштуу тийиштүү тапшырмаларды берди. 

Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын төрагасы Акылбек Жапаров болгон. 

Комиссиянын отуруму 1-октябрга белгиленген.