Жаңылыктар
Баткен облусунда көпүрөнүн курулуш иштери аяктады
Чек ара
Баткен облусунда көпүрөнүн курулуш иштери аяктады

Баткен облусунда Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында жардырылган көпүрөнүн курулуш иштери аяктады, деп билдирет Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. 

Белгилей кетсек, 16-сентябрда Тажикстандын Кыргызстандын Баткен облусуна кол салуусу учурунда тажик аскер кызматкерлери Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык автожолун бириктирген Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырып жиберишкен. 

"Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында унаа өтүүчү көпүрөнүн курулушу бүткөрүлүп, унаалар өтүүчү жол пайдаланууга берилди. Курулуш иштерин "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө башкармалыгы жүргүзгөн. КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Т.Тиллаев ведомствонун Баткен облусу боюнча кызматтары тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү маселелерин координациялоодо", - деп айтылат маалыматта.