Жаңылыктар
Баткен: калыбына келтирүү иштери
Чек ара
Баткен: калыбына келтирүү иштери

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин Баткен облусунда калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берди. 

Ага ылайык, кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жана кайра калыбына келтирүү иш-чараларына 205 жеке курам, 41 атайын техника, жергиликтүү бийликтен 29 техника тартылган. 

Анын ичинен Баткен районуна 130 куткаруучу жана 19 техника, жергиликтүү бийликтен 21 техника, Лейлек районуна 75 куткаруучу жана 11 техника, жергиликтүү бийликтен 8 техника тартылып, ураган курулуш калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүүдө. 

"Жалпысынан 111 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 98 турак үй, жергиликтүү бийлик 13 турак үйдү бузуп тазалашты. Аткарылган жумуштун жалпы көлөмү 20637 м3ду түзүп, курулуш таштандылары тазаланды", - деп атылат маалыматта.