Жаңылыктар
Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралды
Чек ара
Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралды

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы үйлөрдү жана социалдык инфраструктураларды калабына келтирүүгө 3 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, белгиленген каражат мамлекеттик органдардын арыздары боюнча бөлүнөт. Сумма “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен каралган. 

"Аталган сумма аскердик жана жарандык инфраструктураны оңдоого, калыбына келтирүүгө жана курууга жумшалат. Анын ичинде социалдык, ирригациялык объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого, турак жай курууга, ошондой эле жолдорду реконструкциялоого багытталат", - деп айтылат маалыматта.