Жаңылыктар
Гималай чокусунда кыргыз желеги желбиреди
Спорт
Гималай чокусунда кыргыз желеги желбиреди

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырышты. Гималай тоолорунда орун алган ак кар, көк музга оронгон чоку бийиктиги боюнча дүйнөдөгү сегизинчи сапта турат. Бул жылы бийиктикти багындырууга дүйнөдөн 400дөй альпинист бет алып, арасынан 30 чактысы эле ийгиликке жете алган. Алардын арасында эрки күчтүү кыргызстандыктар да бар.