Жаңылыктар
"Элдик Көзөмөл" коомдук бирикмесинин төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды
Коррупция
 "Элдик Көзөмөл" коомдук бирикмесинин төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды

"Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Кармалган жаран кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3 миң 600 доллар талап кылган. Акча бербесе, бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткиришин жана массалык маалымат каражаттарында жарыялайм деп коркуткан. 

Шектүү президенттин администрациясындагы байланыштары аркылуу анын кадыр-баркына шек келтирүүчү негиздер боюнча судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга мүмкүнчүлүгү бар экенин жүйөө келтирген. Аны менен шеригине буга чейин "зордуктоо" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери жүрүп жатат.