Жаңылыктар
Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Польшада кармалды
Кылмыш
Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Польшада кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Польшада кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Польша Интерполу тарабынан 41жаштагы Румыниянын жаранын кармаган. Бирок, укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын жанынан 1980-жылы туулган жаранга таандык башка документтерди табышкан. Ушуга байланыштуу ИИМдин маалымат базаларындагы манжа издери боюнча текшерүү жүргүзүүдө анын чыныгы инсандыгы аныкталып, ал 41 жаштагы Булат Манасбаев экендиги тастыкталган.

Ал Жалал-Абад облусунун тургуну, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренесине ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Учурда Башкы прокуратура тарабынан аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып чечилүүдө. Мындан тышкары, кармалган жарандын Кыргызстандын аймагында ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар же жок экендиги тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.