Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катышпайт
Саясат
Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катышпайт

Иш графигине байланыштуу Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитине катышпайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымат таркатты.

Ал эми, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу Президенттин куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү.