Жаңылыктар
Баткен районунун Достук айылында 47 турак үйдүн орду тазаланды
Чек ара
Баткен районунун Достук айылында 47 турак үйдүн орду тазаланды

Баткен районунун Достук айылында 47 турак үйдүн орду тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жалпы 19 миң 654 куб метр таштанды ташылып чыгарылды. 

Баткен районунун Миң-Булак айылында өрттөлгөн сегиз үй аныкталып, бүгүнкү күнгө карата ӨКМ куткаруучуларынын кол күчү менен тазаланып бүткөрүлдү. 

Ал эми Миң-Өрүк участкасында комиссиянын чечими менен аныкталган 37 үйдүн орду толугу менен тазаланып, 14ү техникалык каражаттардын жардамы менен сүрдүрүлүп тазаланды.