Жаңылыктар
Орусиянын аймагына кирүүдө жаңы мыйзамдар күчүнө кирди
Саясат
Орусиянын аймагына кирүүдө жаңы мыйзамдар күчүнө кирди

Ички иштер министрлиги Орусияга ишке орношуу максатында бара жаткан кыргызстандыктарга чек арадан кирүү эрежелерин эскертти. Министрлик Орусиянын 2021-жылдын 1-июлундагы "Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү" жана "Россиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү" мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт.

Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары, Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө, Россияга барганда 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбоо, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек. 

Медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу милдет. 

Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Россиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат. Ушуга байланыштуу ИИМ Россияга бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган Федералдык мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт.