Жаңылыктар
Муз үстүндө бийлегендер мелдештен байгелүү кайтышты
Спорт
 Муз үстүндө бийлегендер мелдештен байгелүү кайтышты

Кыргызстандын муз үстүндө бийчилери Казакстанда өткөн турнирде ийгилик жаратты. Мекендештерибиз Бегимай Рахманова муз үстүндө бийлөө боюнча мелдештен алтын медаль утса, ал эми Мадина Зулумбек кызы күмүш медаль алды.

Кыргызстандан барган спортчулар музыканын коштоосунда муз үстүндө коньки менен түрдүү көнүгүүлөрдү жасап Казакстандын жана Өзбекстандын бийчилери менен таймашкан. Жыйынтыгында мекендештерибиз өлкөгө жеңиш менен кайтып келди.