Жаңылыктар
Чүй облустук соту А.Аскаровдун ишин карап баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облустук соту А.Аскаровдун ишин карап баштады

Чүй облустук соту июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин кароону баштады. Буга чейин Аскаров боюнча Жогорку Соттун өкүмү жокко чыгарылып, кылмыш иши кайра териштирүүгө жөнөтүлгөн.  Мындай чечим Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин Аскаровдун ишин кайра карап чыгуу талабынан кийин кабыл алынган эле. БУУнун чечимин аткарууга Кыргызстан милдеттүү, анткени мындай норма азыркы иштеп жаткан Конституцияда камтылган. 

Азимжан Аскаров боюнча Чүй облустук сотунун алгачкы отуруму Жазык-аткаруу тутумунун Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин имаратында башталды. Жабырлануучулар, жактоочулар, мамлекеттик айыптоо жана күбөлөр толук курамда келип, сот процессин өткөрүүгө бардык даярдыктар көрүлгөн. Сотко Азимжан Аскаров да алынып келинди.
Алгач өтүнүчтөргө кезек берилди. Аскаровдун адвокаттары Валерьян Вахитов менен Нурбек Токтакунов. Алгач Токтакунов өтүнүч келтирип, ал БУУнун адам укуктары комитетинин чечимине ылайык соттор Азимжан Аскаровду камактан бошотушу керек дейт. Айтымында мындай норма Кыргызстандын Конституциясында камтылган. Андан сырткары кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөтүү керек деген жүйөлөрү бар.
Мамлекеттик айыптоо жактоочулардын өтүнүчү менен макул эмес. Алар кайрадан тергөө жүргүзүү зарылчылыгы жок экенин, бардык жагдайларды соттук териштирүүдө аныктаса болорну белгилешти.
  Бир сааттык кеңешүү убактысынан кийин соттук коллегия чечимин жарыялап, адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган жок. Соттук отурум өз эрежеси менен уланмай болуп, бүгүнкү процессте ага келген бардык жабырлануучулар көрсөтмө беришти.
Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттар арасындагы чагымчылык жасаган, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Сот процесси 11-октябрда калган жабырлануучулар, күбөлөр жана башка тараптардын көрсөтмөлөрүн угуу менен уланмакчы.