Канткенде жол тыгындарын азайтып, көчөдөгү баш аламандыкты тыйса болот? Бул суроо учурда көпчүлүктүн башын оорутуп турган чак. Анын үстүнө маршруттук таксилер авто кырсыкка кабылган учурлар да арбыды. Анын кесепетинен жүргүнчүлөр жабыркап, өлүм менен коштолгон да учурлар жок эмес.
Жол тыгындарын азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн коомдук транспорттун айдоочуларын канчалык тартипке чакырган менен жыйынтык байкалбайт. Тескерисинче кайра эле тыюу салган жерден токтоп, атаандашып ылдам айдамай көрүнүшү күчөдү. Анын айынан жол тыгындары да тыйылбай келет. Жүргүнчүлөр өзгөчө маршруттук таксилерге нааразы. Шаардыктарга айдоочулардын орой мамилеси, шыкап айдаганы, токтобой кеткени жакпайт.
Бишкек шаары боюнча күнүнө эки жарым миң маршруттук такси 118 багыт боюнча каттайт. Айдоочулар деле кыйма-чийме каттамга карабай шаардыктарды маалында тейлегенге далалаттанат. Тескерисинче көпчүлүк маалда жүргүнчүлөрдүн өтүнүчү менен тыюу салынган жерден токтоп жол эрежесин бузган учурлар көп болот-дейт айдоочулар.
Кендирди кескен көйгөйдү канткенде чечсе болот деген суроого патрулдук милиция, мэриянын тиешелүү кызматтары, жаш активисттер менен жүргүнчүлөрдү ташыган ишканалардын өкүлдөрү жооп издеди. Жыйынтыгында жүргүнчүлөрдү отургузуп, түшүрүү аялдамадан гана болсун деген сунуш берилди. Мэриянын тиешелүү кызматы айрым аялдамаларды талапка шайкеш келтирип, керек болсо маалыматтык тактай илүү айтып чыкты. Себеби жолду оңдоо маалында кээ бир аялдамалар токтогонго ылайыксыз болуп калган.