Жаңылыктар
УКМК: Чек ара тарамдарында азык-түлүк жетиштүү
Чек ара
УКМК: Чек ара тарамдарында азык-түлүк жетиштүү

УКМКнын Чек ара кызматы чек ара тарамдарында материалдык каражаттар жана азык-түлүктөр жетишпейт деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбестигин маалымдайт. 8-октябрга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү жана өткөрүү жайлары камсыздоо талаптарына ылайык, 100% бардык материалдык каражаттар менен камсыз болгон. 

Чек аранын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы толугу менен кийим-кече жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган. Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен чек ара заставалары узак мөөнөткө сакталуучу азыктар менен 2023-жылдын июнуна чейин камсыз кылынган. Ар бир үч айда тез бузулуп кетүүчү тамак-аштын кору толукталып турат. Бардык чек ара тозоттору керектүү көлөмдө көмүр, отун менен камсыздалган. 

Чек арачылардын бардык керектөөлөр менен камсыздалуу маселеси чек ара ведомствосунун жетекчилигинин көзөмөлүндө туруп, зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар менен өздүк курам камсыздандырылууда. УКМК төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Чек ара тарамдарынын кыш мезгилине даярдыгын Баткен облусунда текшерүүдө деп айтылат маалыматта.