Жаңылыктар
Бишкек шаарында жаңы балдар ооруканасы ишке кирди
Ден соолук
Бишкек шаарында жаңы балдар ооруканасы ишке кирди

Былтыр июль айында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагына лор жана көз оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты курула баштаган. Бир жылдан бир аз ашык убакыттан кийин жаңы оорукана пайдаланууга берилди. 

Имараттын өзү 4 кабаттуу жана жертөлөсү бар. Бөлүмдөр бардык керектүү заманбап жабдуулар менен жабдылган. Эми мурда чет өлкөдө гана жасала турган операцияларды бул жерде жасоого шарт түзүлдү.