Жаңылыктар
Курттады делген ун
Кыргызстан жаңылыктары
Курттады делген ун

 Эки апта мурун Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, мамлекеттик материалдык резервдер фонду карылар үйлөрүнө, түрмөлөргө жана наабайканаларга курттап кеткен ундарды сатып жатат деп өлкөнү дүң кылган эле. Кезегинде экинчи тарап мындай айыпты четке кагууда. 

Бир нече күн мурда депутат Жыргалбек Турускулов коомчулуктун көңүлүн бура турган билдирүү жасаган. Эл өкүлү материалдык резервдер фонду ундун мөөнөтү өтүп, курттап кетсе да10 го жакын мекемеге сатып жибергендигин айткан.
Жыргалбек Турускулов маалымат каражаттарына ундарда чындыгында эле курттар жүргөн видеону таратты. Бул тасма шаардагы №5 кесиптик-техникалык лицейдин ашканасынан тартылган. Мындан сырткары эл өкүлү санитардык көзөмөлдөөчү органдын текшерүүсү учурундагы курт чыкканын далилдеген иликтөөнүн жыйынтыгын да көргөздү.
 Ал эми №5 кесиптик лицейдин жетекчиси Айдаралы Айтмырзаев биздин чыгармачыл топко, алынып келинген ундардын көрүнүшү таза эле болуп турганын билдирди. Айтымында текшерүү иштеринин жыйынтыгы чыкмайын, ундар колдонулбай турат. Ал эми курттап кеткен делген ундар мөөр басылып турат деген жүйөө менен, камерага тартууга уруксат берген жок.
 Ал эми мамлекеттик резервдер фондунун төрагасы Жоомартбек Жумабеков бүгүн ишканадан курттаган ун табылган жок деп билдирип чыкты. Анын айтымында ундан курт чыкты" деген маалыматтарды буга чейин өз жумушун толук кандуу аткара албай жумуштан алынган кызматкерлер чыгарып жатышат.
 Учурда бул тууралуу окуянын чын бышыгын иликтеп чыгуу үчүн ар тараптуу иликтөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат. Эгер чындыгында кайсы бир тараптардын күнөөсү аныктала турган болсо, анда иш прокуратурага өткөрүлөт. Коомдук биринчи канал окуянын андан ары уланышына байкоо салып турат.