Жаңылыктар
Быйыл дыйкандардын эмгеги акталып, түшүм мол болду
Айыл чарба
Быйыл дыйкандардын эмгеги акталып, түшүм мол болду

Быйыл жер иштетүүчүлөрдүн эмгеги акталып отурат. Мисалы буудай эки эсе көп жыйналып кампа кызыл данга толду. Мамлекет бөлгөн каражатка сапаттуу үрөн сатып алынып дыйкандарга таратылып, жыйынтыгында түшүм мол болду. Жалпы өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндердин түшүмү 630 миң тоннадан ашык түздү. 

Өндүрүмдүүлүгү жогору миң тоннадан үрөн Өзбекстандан жана Казакстандан келген, дүйнөлүк банк 2 жарым миңдей тонна колдоо көрсөткөн. Бюджеттен каралган бир жарым миллиард сомго Россиядан 16 миң тонна үрөн алынып, баш-аягы 20 миң тоннайдай сапатуу үрөн “Айыл банк” аркылуу таратылган.