Жаңылыктар
Кемпир-Абад: Чек ара маселесинде өлкө кызыкчылыгы корголот
Чек ара
Кемпир-Абад: Чек ара маселесинде өлкө кызыкчылыгы корголот

Кыргызстан менен коңшу Өзбекстан эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселелерин дээрлик толугу менен чечип, макулдашууларды аягына чыгаруу баскычына жетишти. 

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн атайын ыйгарым өкүлдөрүнөн куралган комиссия чек арага байланыштуу маселелерди изилдеп, көрүп, ченеп, талкуулап, эки тарапты тең ынандырган бир пикирге келишкен. Ал маселелердин катарында Кемпир-Абад суу сактагычы, анын астындагы, тегерегиндеги жер аянттары, сууну пайдалануу жана плотинанын иштөөсүн көзөмөлдөө маселелери да биргелешип иштеп чыгылган.

Бирок, дал ушул Кемпир-Абад суу сактачыгынын тегерегинде маселе козгоп, курчутуп, аны саясий деңгээлге алып чыгуу максатын көздөгөн айрым саясатчылар, коомдук активист деп аталып келген жарандар эл арасында ишенбөөчүлүк маанай жаратууга, каршылык акцияларды өткөрүүгө үндөп келишүүдө. Максат – Кыргызстандын бейпил турмушун козгоп, нааразычылыктардын толкунунда бүгүнкү бийликтин ишмердүүлүгүнө шек келтирүү.