Жаңылыктар
Баткен облусунун калкын колдоо максатында акчалай жардам которулууда
Чек ара
Баткен облусунун калкын колдоо максатында акчалай жардам которулууда

Кыргыз – тажик чек арасында болуп өткөн кайгылуу окуянын кесепетинен жабыркаган Баткен облусунун калкы үчүн Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү 2 млн сом каражат бөлүү чечимин кабыл алышты. 

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атайын эсебине жабыркаган тургундарга жардам иретинде 1 млн сом накталай которулду. 

Аймакта социалдык долбоорлорду ишке ашыруу максатында дагы 1 миллион сом бөлүү пландалууда.