Жаңылыктар
Кыргыз драма театры жаңы театралдык сезонун ачты
Маданият
Кыргыз драма театры жаңы театралдык сезонун ачты

Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театры 90-театралдык сезонун ачты. Анда Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин “Улуу Үркүндө” аталышындагы чыгармасынын негизинде “Көздөн учкан Ата - Журт “ спектаклы коюлду. 

Үркүндү сүрөттөгөн чыгарманы тандоо кыргыз драма театрындагылар өтө кылдаттык менен мамиле кылышкан. Чыгарманы тандаганга эле бир ай кетсе, аны театрлаштырууга 2 жарым ай камынышкан.
Оор жылдардын бир үзүмүн 30 артист чагылдырды. Анда эл артистинен тарта, театрга жаңы келгендерине чейин катышты. Пьеса союз мезгилинде бир жолу коюлган, ошол бойдон сахналаштырыла элек болчу. Анда азыркы эл артисти Чоро Думанаев башкы ролдордун ойногон артында турган массага чыккан.
Пьесада болуш өзүнүн табакташтарын жаап-жашырып, бейкүнөө адамды ууру-кески атка кондуруп, башына сыйыртмак салганы, ак жеринен күйгөн адамдын тирүү калышы - ак ийилгени менен, бирок сынбаары сүрөттөлдү.
Ошол эле учурда кыйналып турган эл жакшылыктан күдөрүн үзбөй, келечекке үмүттүү караары жаш келиндин баласын эркелеткен эне мээрим аркылуу ачылды.
“Көздөн учкан ата-журт” спектаклында кыргыз элинин башына түшкөн оор жылдардын бир эле үзүмү сүрөттөлдү. Бирок көрүүчүлөр 1916-жылы эл башына түшкөн азап-тозокту элестүү көрө алды.