Жаңылыктар
Баткенде жабыркагандардын насыяларын кечүү каралууда
Чек ара
Баткенде жабыркагандардын насыяларын кечүү каралууда

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга жана коммерциялык банктарга Баткенде чек ара окуясынан жабыркаган жарандардын насыяларын кечүүнү сунуштаган токтом чыгарды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, Баткен жана Ош облустарындагы чек ара чырында жабыркаган кардарлардан келип түшкөн бардык кайрылууларды талапка ылайык кароо тапшырмасы берилген. 

Каза тапкан, жарадар болгон, бизнесинен же турак жайынан ажыраган жарандардын насыяларын кечүү чечимин кабыл алуу. Насыяларды реструктуризациялоо, анын ичинде төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу. 

Кредиттик келишимдердин шартын кайра карап, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү албоо. Убагында төлөнбөгөн сумма үчүн айыптык санкцияларды колдонбоо, үстөк пайызды чегербөө. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун алкагында жабыркаган кардарларга башка жардам көрсөтүү чараларын караштыруу сунушталган. 

Ошондой эле токтом тууралуу финансы-кредиттик уюмдар өздүк сайттары жана башка тармактар аркылуу жабыркаган кардарларга маалымдоо зарылдыгы белгиленген.