Жаңылыктар
Ош, Бишкек шаарларындагы жылытуу борборлору кышка даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Ош, Бишкек шаарларындагы жылытуу борборлору кышка даяр

Өткөн жуманын соңундагы күтүлбөгөн нөшөрлүү-жаан жана айрым аймактарга түшкөн кар көпчүлүктүн шаштысын кетирди. 

Өкмөт алгач ооруканаларды жана мектептерди көмүр менен камсыз кылуу тапшырмасын бергени менен көпчүлүк калктын кампасына кышкы көмүр али түшө элек эле. 

Энергетиктер ГЭСтер жана Ош, Бишкек шаарларындагы жылытуу борборлору кышка даяр экендигин билдирүүдө. 

Ал эми аймактарда көмүр тартуу иши жүрүп жатат.

Адистердин айтымында, күзгү-кышкы жылытуу мезгилине карата көмөкчү чордондор оңдолуп, эскилиги жеткен жогорку чыналуудагы электр чубалгылары алмаштырылган. 

Ал эми баш калаадагы жылуулук боборуна быйыл Казакстандан 500 миң тонна гана көмүр импорттолсо, калган көлөм жергиликтүү көмүр кендеринен тартылат.  

Сүймөнкул Идирисов