Жаңылыктар
Спортчуларды допингден коргоо
Спорт
Спортчуларды допингден коргоо

Бишкекте спорт коомчулугу үчүн "Спортчуларды допингден коргоону оптималдаштыруу, анын тобокелдигин стратификациялоо жана окутуу программасынын жүрүм-турумун моделдөө ыкмасы" деген темада тегерек стол өттү. 

Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Допингге каршы улуттук борбору дирекциясы ЮНЕСКОдон утуп алган 34 700 долларлык долбоорунун бетачарын өткөрүштү. 

Ал долбоорду ишке ашыруу үчүн “Допингге каршы улуттук борбору” дирекциясынын дараметин жогорулатуу, спортчуларды уруксаты жок каражаттардан коргоо жана ага каршы бекитилген эрежелерди көзөмөлдөө боюнча бир нече сунуштар айтылды.

2005-жылы ЮНЕСКО допингге каршы конвенцияны кабыл алган. 2010-жылы Кыргызстан ага кошулуп, 2020-жылы Допингге каршы улуттук борбор түзүлгөн. Ал эми былтыр Дене тарбия жана спорт департаментинин буйругунун негизинде Допингге каршы улуттук эрежелер күчүнө кирген.