Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо маселеси боюнча Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде маалымат берилди. Жыйынга массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышты. Эртең менен башталган жыйын тыныгуусуз, кечке чейин уланды.