Жаңылыктар
Азербайжан президентинин мамлекеттик сапары башталат
Саясат
Азербайжан президентинин мамлекеттик сапары башталат

Бүгүн, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. 

Cапардын алкагында мамлекет башчысы Садыр Жапаров Азербайжан Президенти менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Эки жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн, натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат. Сапардын жүрүшүндө Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү пландалууда. 

Мындан тышкары, «Кыргызстан-Азербайжан достугу» сейил багынын, Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.