Жаңылыктар
Баткен: жабыркаган 450 жарандын документи калыбына келтирилди
Чек ара
Баткен: жабыркаган 450 жарандын документи калыбына келтирилди

Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу кол салуусу учурунда 450 жарандын жоголгон документтери бекер калыбына келтирилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди. 

Анын айтымында, документтер Баткен облусунун жашоочуларынын расмий түрдө аймактардагы калкты тейлөө борборлоруна кайрылуусунан кийин калыбына келтирилген. Ыкчам топтор документтерди калыбына келтирүүнүн тартиби боюнча консультация беришти. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган. 

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык шейит болуп, 198 киши жабыркаган.