Жаңылыктар
Гемодиализ алгандарга 1 млрд 26 млн сомго жардам көрсөтүлдү
Ден соолук
Гемодиализ алгандарга 1 млрд 26 млн сомго жардам көрсөтүлдү

Өлкө аймагындагы гемодиализ алган жарандарга быйыл 1 млрд 26 млн сомго жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков билдирди. 

Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы 36 гемодиализ борбору иштейт. Анын ичинен үчөө мамлекеттики, 33ү жеке менчик. Бирок алар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында иштейт. 

Бул категориядагы жарандарга министрлик жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен 1 млрд 26 млн сомго жардам көрсөтүлдү. Ушул жылдын тогуз айында 222 миң 800 сеанс өткөрүлгөн. 

Касымбеков Кыргызстан боюнча 2,5 миңден ашык жаран гемодиализ аларын кошумчалады.