Жаңылыктар
Баткен: убактылуу жашоого кеткен чыгымдарды жабууга каражат берилет
Чек ара
Баткен: убактылуу жашоого кеткен чыгымдарды жабууга каражат берилет

Тажикстандын кол салуусу учурунда турак жайсыз калган баткендиктерге убактылуу жашоого кеткен чыгымдарын жабууга атайын эсептен 200 миң сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө чогулган 320 млн сомдон аталган төлөмдөргө 49 жарым млн сом бөлүндү. Бул каражат 400 үй-бүлөгө бөлунүп берилет. 

"Ар кандай деңгээлде жаракат алган жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө кенемте өзүнчө берилет. Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги тиешелүү токтомдун долбоорун даярдап жатат. Кыйраган жана бузулган үйлөрдү жана объекттерди калыбына келтирүү үчүн өзүнчө каражат каралган. Бул үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн", - деди Дүйшеева.