Жаңылыктар
Астанада Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун жолугушуусу болду
Саясат
Астанада Садыр Жапаровдун, Владимир Путиндин жана Эмомали Рахмондун жолугушуусу болду

Астанада мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун, Орусиянын Президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. 

Садыр Жапаров Владимир Путинге бул биргелешкен жолугушууну өткөрүү жана орун алган көйгөйлүү маселелерди ишеним артуу менен талкуулоо демилгеси, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду. 

Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясын калыптандыруу эки тарапка тең пайдалуу жана тез арада бүтүшүнө ынтызар экенин, ал туруктуулуктун жана ынак коңшулаштыктын кепили боло тургандыгын белгиледи.