Жаңылыктар
Темир жолго байланыштуу ири долбоорлор
Кыргызстан жаңылыктары
Темир жолго байланыштуу ири долбоорлор

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Кыргызстандагы тилкесинин техникалык экономикалык негиздемеси кийинки жылдын жай айларында даяр болот. Бул тууралуу «Кыргыз Темир жолу» Мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Учурда Кытайлык адистер маршрут боюнча эки топко бөлүнүп иш алып барышууда. Алар үч айдан бери талаа жумуштарын жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Буга улай, Балыкчы - Кочкор –Кара- Кече темир жолунун курулушу дагы кызуу жүрүүдө. Быйылкыга мерчемделген 5 чакырымдын 3 километринде жумуштар толук аяктап, калган 2 чакырымында жер жумуштары жасалып, релс шпалдарды төшөөгө даярдалды.