Жаңылыктар
Сох анклавынын тургундары митингге чыгышты
Кыргызстан жаңылыктары
Сох анклавынын тургундары митингге чыгышты

Кадамжай шаарында 23-январь күнү болгон унаа кырсыгынан улам Баткен облусунун аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавынын тургундары өз бийлигине нааразылык митинги менен чыгышты.

Нааразы болгон Сохтун эли 2013-жылдагы Чарбак окуясынан улам жабылган Сох-Риштон унаа жолун кайрадан ачууну талап кылышууда. Анклавтагы абалга байланыштуу транзиттик каттамда жүргөн кыргыз жарандарынын коопсуздугу үчүн жабылган чек ара өткөрүү бекеттери бүгүн кайра ачылды. 

Баткен районунун Кара-Токой айылынын тургундары Сох анклавында болуп жаткан нааразылык митинги тууралуу тааныштарынан телефон аркылуу билип турушат. Эки күндөн бери Сох райондук акимиятынын астына чогулган элдин нааразылыгы кошуна кыргыз айылдарынын жашоочуларын да тынчсыздандырууда. Сохтуктардын талабы боюнча айтылган Сох-Риштон жолун кайрадан ачуу кыргыз айылдары үчүн оңдуу эмес.

2013-жылдагы Чарбак окуясынан улам Сох анклавынын айланасындагы чек ара өткөрүү бекеттери жабылган. Учурда Сохтун калкы бир гана Чечме чек ара өткөрүү бекети аркылуу Кадамжай районунун аймагынан Өзбекстанга өтө алат. Сох анклавындагы социалдык көйгөйлөр, жол каттамдары элдин нааразылыгын жаратууда дешет кошуна кыргыз айылдарынын тургундары.

Сох анклавынын айланасындагы чек ара аймактарында жайыт, жол каттамдары, суу көйгөйү эки тарапка бирдей кыйынчылык жаратат. Жергиликтүү кыргыз-өзбек жарандары жылуу мамиледе болуп, соода сатык жүргүзгөн менен чек ара өткөрүү жайларынан өтүү түйшүккө салат. Сохтуктардын эки күндөн берки нааразылыгы эки өлкө бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүн талап кылууда. Бирок Баткен облустук бийлиги өз тарабын көзөмөлдөө менен чектелүүдө.

Сох анклавындагы нааразылык митингинен улам жабылган чек ара өткөрүү жайлары кайра ачылды. Баткен районунун Дара аймагындагы онго жакын айыл тургундары жана Баткен-Айдаркен каттамындагы жүргүнчүлөр Сох анклавы аркылуу өтө алат.    

М.Ниязалиев, Ы.Мазайит уулу.  Баткен