Жаңылыктар
Тез жардамга тоскоолдук жараткан унаалар
Ден соолук
Тез жардамга тоскоолдук жараткан унаалар

Бишкек мэриясы айдоочуларды Тез жардам унааларына жол берүүгө чакырган билдирүү таратты. 

Негизи медицина кызматкерлери үчүн бейтапка канча убакытта жетиши керектиги тууралуу регламент бар. 

Бишкектеги тез жардам тобу автожолдордун тыгынына, кичи райондордо жана көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы тосмолорго, токтотулган унаалардын көптүгүнө байланыштуу кыйынчылыктарга дуушар болууда. 

Маалыматка ылайык, тез жардам автоунаасынын күйүп-жанган белгисине карабай айдоочулар, өзгөчө маршруттук таксилер жана троллейбустар алардын өз убагында бейтапка жетүүсүнө тоскоолдук жаратууда.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118