Жаңылыктар
Аскаровдун иши мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын көрсөттү
Саясат
Аскаровдун иши мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын көрсөттү

Азимжан Аскаровго байланыштуу талаш-тартыштар Баш мыйзамдын тиешелүү беренесине өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын көрсөттү. Бийлик бул демилгени сот чечимдерине эл аралык уюмдардын кийлигишүүсүн жоюу үчүн көтөргөн. 

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дал ушул түзөтүүгө өзгөчө каршы болуп келишет. 

Талдоочу Карыбек Байбосунов эл аралык уюмдардын кыргыз сотторунун чечимдерине кийлигишүүсүн сынга алгандардын бири. Ал мындай жагдайды эгемендүүлүккө доо кетирген көрүнүш деп баалайт.

Бирок, эл аралык уюмдардын сунуштарын эске алуу керектигин айткандар да жок эмес. Борбор Азия мамлекеттеринин укук коргоочулар конгрессинин координатору Турсунбек Акун 41-беренедеги өзгөртүүгө карата талаш-тартыштар маселе Азимжан Аскаров тууралуу болуп жатканына байланыштуу экенин белгилейт.

Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу талаш маселе саясатчыларды эки топко бөлүүдө. Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү демилгесине дал ушул 41-беренедеги жагдай түрткү болгон. Эл аралык уюмдардын сунушу менен сот Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароого аргасыз болду.

Калыгул Асамбаев