Жаңылыктар
Эки ветеринардык лаборатория жапон жабдуулары менен камсыз болот
Ден соолук
Эки ветеринардык лаборатория жапон жабдуулары менен камсыз болот

Быйыл жыл аягына чейин улуттук статуска ээ эки ветеринардык лаборатория заманбап үлгүдөгү жапон жабдуулары менен камсыз болот. 

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын адистери билдиргендей, бул эки лаборатория республиканы жабдый албайт. 

Кабыл алынган мерчем боюнча 2017-жылы Баткен, Балыкчы, Каракол жана Таласта 4 лаборатория оңдолуп, ишке киргизилет. 

Ошентип, бара-бара калган лабораториялар оңдолуп, бул жааттагы көйгөй толугу менен чечилет

Ошентип, ушул жылдын 15-декабрында республиканын эки аймагында ири эки лаборатория толук кандуу эл аралык стандарттын талабында ишке киришет. 

Ошондо Евроазия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге кыргыз айыл чарба азыктарын жөнөтүүгө мүмкүндүк жаралат. 

Кадыр Калилов