Жаңылыктар
Таласта ушул тапта 6 мектептин курулушу жүрүүдө
Аймак
Таласта ушул тапта 6 мектептин курулушу жүрүүдө

Талас облусунун Бакай-Ата районунда ушул тапта 6 мектептин курулушу жүрүп жатат. Анын төртөө мамлекеттик казынадан каржыланса, эки билим уясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында салынууда. Ал арада Боо-Терек айылындагы мектеп жаңы гана пайдаланууга берилип, элеттик балдардын жакшы шартта билим алуусу камсыздалды.