Жаңылыктар
Бекешов: окуу куралдарынын жетишсиздигин чечүү зарыл
Билим
Бекешов: окуу куралдарынын жетишсиздигин чечүү зарыл

Мектептердеги окуу куралдарынын жетишсиздигин чечүү зарыл. Бул маселени  көтөргөн эл өкүлү Дастан Бекешов, китепке, ысык тамакка бөлүнгөн каражатты пайдаланууну сунуштады. 

Деген менен айрым эксперттер,  балдар  үчүн киргизилген жеңил ысык тамакты   жокко чыгарууга  болбой тургандыгын айтууда. Ошол эле учурда министрлик дагы бул сунушту колдобойт. 

Маалыматтар боюнча, мектеп окуучуларын тамактандыруу программасына республикалык бюджеттен 450 миллион сом бөлүнөт. 

Бүгүнкү кундө Кыргызстан боюнча 2 миң 207ден ашуун мектеп бар. Ал жакта  башталгыч класста окуган балдарды ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн  республикалык бюджеттен 450 млн сом бөлүнүп турат.


Бегайым Абдыкадырова