Жаңылыктар
Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын күнү менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын күнү менен куттуктады

Мамлекет башчысынын куттуктоо текстинде, бир кездерде Ош шаары Жер ортолук деӊиз менен Жакынкы Чыгышты Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турганы айталат.

Байыртан бери Ак-Буура дайрасын бойлото орун алган базарлары менен кербен-сарайлары Оштун келбет-жүзүн аныктап, региондо эң берекелүүлүгү менен таанылган деп шаардын тарыхына токтолгон мамлекет башчысы, андан ары Оштун бүгүнкү күндөгү ролунан кеп салган. 

Азыр Ош шаары Кыргызстандагы экинчи ири өндүрүштүк, соода, саясый, маданий жана илимий борбор болуп саналат. Түштүк калаабыздын адамдары өзгөчө мээнеткечтиги жана меймандостугу менен айырмаланаарын айткан президент, берекелүү Ошубузду бейпил дайыма шам чачкан гүлшаарга айландыралы деген каало тилектерин билдирген.





Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118