— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!
— Жыйырмадан ашык активисттер, саясатчылар камакка алынды. Арасында өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун тарапкерлери бар экен. Алар акыркы убакта "Кемпир Абад" суу сактагычына байланыштуу маселени көтөрүп жүрүшкөнү белгилүү. Кармалгандардын массалык митингдерди уюштуруу, ар кандай акцияларга чыгуу пландары тууралуу аудио-жазуулары интернетке тарады. Бирок күч түзүмдөрүнүн акыркы аракеттерине, башкача айтканда, тинтүүгө, камакка алууга жеткирбей эле үй камагына чыгарып коюп, диалогго барып, "ийри отуруп, түз кеңешүүгө" болбойт беле?
— Эки жылдан бери баары менен “ийри олтуруп, түз кеңешип” келе жатам. Быйыл жазда иш бөлмөмө ондон ашуун бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алып, үч саат бою пикир алыштым. Суроолоруна толук жооп бердим. “Жакшы иштер жасалып жаткан экен” деп ынангандай эле болуп кетишкен.
Кемпир-Абад маселеси азыркыдай коомчулукка кеңири чыга электе эле бир катар депутаттарды, анын ичинде Адахан Мадумаровду да Өкмөт үйүнө чакырып, аталган маселени ийне-жибине чейин түшүндүрүп бергем.
Жарым жыл мурда өзүн үйүмө конокко да чакырып: "Адахан мырза, Кыргызстан бирөө эле, ынтымакташалы, мага колуңардан келсе жардам бергиле. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып бергиле", - дегем. Айтылган ойлорго муюп, ынангандай болуп, эки саат олтуруп, “достошуп” кетти эле. Бир апта өтүп-өтпөй кайра эле кыйкырып чыкты.
Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам.
Өзгөнгө барып эл менен жолугуп келдим. Баткенден баштап Чаткал, Ала-Букага чейин жергиликтүү тургундардан үч жүздөй кишини Бишкекке алдырып, Өкмөт үйүндө баарлаштым. Кемпир-Абадда “курултай” уюштургандардын бардыгын бөлүп-жарбай чакырдым. Жети саат тынбай сүйлөштүк, диалог кылдык. Түшүнүп эле кеткендей болушат, анан мындай чыгып эле түз кетип жаткан иштерди бурмалаганга өтүп жатышпайбы.
Ток этер жерин айтсам, буларды “Кемпир-Абад” маселеси деле кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо экен. “Эптеп бир нерсе болуп кетсе, кайра бийликтин бир жерине илинип калсам” дегендер. Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен.
Ар кандай кызмат орундарын ачып, баарына кызмат жеткирсең деле болот. Бирок мамлекеттин ар бир тыйыны менин мойнумда да. Кантип ысырап кылам. 7 миллион элдин алдында ар бир тыйын үчүн жооп беришим керек. Коркок болсом, балким мурдагылардай – 2010-жылдагыдай кылып, пайда-батасы жок министрликтерди ача коюп, "мына сага, министр бол!" деп тынчытып койсом деле болмок. Бирок мен андайга барбайм! Анткени мен корккудай ууру кылган жокмун. Бийликте олтурганда ар бир жасаган ишимди 10 жылдан кийин болобу, же 100 жылдан кийин болобу, эл алкыш айткандай кылып жасап кетем.
Кемпир-Абад жана чек ара маселелери боюнча да ошондой болот, буюрса. Убакыт керек. Көпчүлүк элдин ишеними болсо болду. Калганын мага койгула.
Ал эми камалгандар боюнча мен кийлигише албайм. Укук коргоо органдары бар. Мамлекеттин, элдин коопсуздугун камсыз кылуу – алардын түздөн-түз милдети. Алар өз ишин так аткарып атышат. Акыркы чекитти сот коет. Ошондон кийин гана мага кайрылышса, ырайым берип камактан чыгарууга укугум болот. Мыйзамдуу жолу ушундай.
— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич. Иштериңизге ийгилик!
— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.