Жаңылыктар
Тышкы саясатты жөндөгөн дипломаттар
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы саясатты жөндөгөн дипломаттар

Өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп, эки тараптуу кызматташтыкты жана эл аралык демилгелерди көтөрүүдө дипломаттардын эмгеги орчундуу. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 1944-жылы 17-мартта түптөлгөн. Союз учурунда кыргыз дипломаттары бир топ мамлекеттерде элчи болуп, ССРдин тышкы байланыштарын чыңдоого эбегейсиз салым кошсо, эгемендик алган жылдары элчилерибиздин нагыз дипломаттык жөндөмдүүлүгүнүн натыйжасында Кыргызстан эл аралык уюмдардын мүчөсү болду, Борбор Азиядагы демократиялык мамлекет катары дүйнө коомчулугуна таанылды. Азыр да Кыргызстандын эл аралык чөлкөмдө кадыры бийик.