Баткен облусундагы жергиликтүү элди колдоого жана турак жайларды калыбына келтирүүгө мамлекеттик бюджеттен 100 млн сом которулду.
Мындан тышкары чек ара аймактарына 110 млн сом берилди. Ал арада кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Баткенде турак жайы жараксыз болуп калгандарга суук түшкөнчө үйлөрүн куруп берүү иштери уланууда.