Бишкекте өткөн “Бизнестеги жана инвестициялык климаттагы актуалдуу маселелер” аталышындагы тегерек столдо парламенттин мурдагы депутаты Аалы Карашев экономиканын өнүгүшү үчүн мамлекет менен бизнестин ортосунда диалог болушу керектигин белгиледи.
Парламенттин мурдагы депутаты мыйзамдуу жана практикалык мүнөздөгү экономикалык эркиндикти кеңейтүүгө багытталган бир катар сунуштарын берип, экономиканын өрүш алышына негиз боло турчу идеяларды тизмектеди.
Сөз соңунда, сапаттуу чечимдерди бизнес коомчулугу менен толук кандуу диалог аркылуу гана кабыл алууга болорун айтып, мамлекет менен бизнестин биргеликте иш алып баруу механизминин иштелип чыгышы зарыл экендигин баса белгиледи.