Жаңылыктар
Бүгүн Ош шаарынын 3016 жылдыгы белгиленип жатат
Маданият
Бүгүн Ош шаарынын 3016 жылдыгы белгиленип жатат

Ош шаары -жалпы түрк тилдүү элдердин зыярат кылуучу ыйык-жери. Түрк тилдүү элдердин баары мына ушул Ош шаарын байырлаган элден тарагандар.

Мындай пикирлер Ош шаарынын күнүнө келген алыскы коноктор тарабынан айтылды. 

Бүгүн байыркы Ош шаары өзүнүн 3016-жыл толгондугун белгилеп жатат. Марамдык салтанат борбордук аянтта миңдеген калаа тургундары менен конокторуна тартууланды. 

Шаардыктарды майрамы менен биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев куттуктап, ордолуу Ош жергиси ооматтуу шаар экендигин, шаар күн санап өсүп-өнүгүп жаткандыгын белгилеп өттү. 

Түркия, Орусия, Казакстан жана Тажикстан, Өзбекстандан жалпысынан 25 делегация өкүлдөрү келди. Майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118