"Кыргызстан - Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы аймактар аралык кызматташтыктын кыйла потенциалы бар экенин көрүп турат", - деди Президент Садыр Жапаров Астана шаарында өткөн "Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жолугушуусунда сүйлөп жатып.
Анда аталган интеграция алкагында көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөө тууралуу сөз болду.