Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев 11-12-октябрда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык катын жолдоду.
Анда Кыргызстанды тили, тарыхы жана маданияты тамырлаш болгон боордош өлкө жана стратегиялык өнөктөш катары баалаган пикирлер камтылган.