Курттаган ундун сатылышын иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлдү. Өкмөт тарабынан түзүлгөн жумушчу топ, мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында текшерүү баштады.
Белгилей кетсек, мамлекеттик материалдык резервдер фондунда курттаган ун сакталып турганы тууралуу ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов маалымдаган.
Ал буга байланыштуу көз карандысыз иликтөө жүргүзгөнүн, лабораториялык изилдөөлөр ундун курттап кеткенин тастыктаганын билдирген. Ал эми мамлекеттик материалдык резервдер фонду бул маалыматты четке кагууда.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118